Коом

Бишкекте дайынсыз болуп жаткан 21 жаштагы Тохтохан Нуридинова изделүүдө

Бишкекте дайынсыз болуп жаткан 21 жаштагы Нуридинова Тохтохан Зиевидиновна изделүүдө. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кыз 24-январда Кайыңдыда Луговая көчөсүндөгү үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болууда. Аталган факты Панфилов райондук ички иштер бөлүмүнө каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү башталды.

Белгилери: бою 160-165 см, арык чырай, чап жаак, чачы узун кызгылт, кой көз.

Кийими: үйдө кийген халат, боз жемпир, боз кара түстөгү куртка.

“Эгер Тохтохан Нуридинованы көргөн-билгендер болсо төмөндөгү номерлер аркылуу билдирип коңуздарды өтүнөбүз: 0312 60-79-89, (күзөт бөлүмү) 0709-33-35-01, 0702-31-75-22, 0557-08-03-87 (издөө тобу)”, — деп айтылат милициянын маалыматында.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button