Коом

Айбек Жунушалиев шаардык кеңештин отурумунан эмне себептен чыгып кетти?

Мэриянын түшүндүрмөсү боюнча, шаардык кеңештин азыркы курамда отурум өткөрүүсү мыйзамга каршы келет.
Айбек Жунушалиев мындай кадамга дал ушул себептен барган.

Эске салсак, бүгүн Бишкектин аянты кеңейтилип жатканына байланыштуу шаардык кеңештин депутаттарынын саны 45тен 235ге көбөйтүлөрү айтылган. 

Административдик-аймактык реформа жүрүп жаткан кырдаалда депутаттар төмөнкүдөй шартта иштей тургандыгы айтылды: 

▪️Шаардык кеңештин статусу ошол бойдон калат, төрага кайра шайланбайт. Шаардын курамына кире турган айылдык кеңештер эми шаардык кеңешке кирет

▪️Депутаттар ишин уланта берет, бирок толук курамда болушу шарт. Тагыраагы, шаарга кошула турган айыл аймактардын депутаттары эми шаардык кеңешке кошулат. Алардын ыйгарым укуктары мөөнөтү аяктаганга чейин же суроо мыйзам чегинде чечилгенге чейин сакталат

@abal-kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button