Үч күн мурун Кеминде жоголгон кыз Бишкектен табылды

Милициянын кайгуул кызматкерлери жоголуп кеткен кызды таап беришти. Бул тууралуу аталган кызматтын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 3 күн мурун социалдык сайттарда жана Ватсап группаларда Кеминден кичинекей Назима аттуу кыз жоголду, издеп жүрөбүз деген маалымат тараган.
Бул маалыматка ылайык милициянын кайгуул кызматынын өздүк курамына багыттама берилген.
Бүгүн, 16-январда саат 01:00 чамасында Бишкек ШИИББнын “102” кызматына белгисиз жарандар тарабынан Келечек конушунда кичинекей кыз жүрөт деген маалымат келип түшкөн.
Айтылган дарекке ошол замат кайгуул кызматкерлери барып, маалыматты тактаган кичинекей кыз издөөдө жүргөн Назима аттуу кыз экендиги аныкталган.
Кийин Кеминден милиция кызматкерлери чакыртылып, андан ары ата-энесине жеткирип берүү үчүн милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.