Окуялар
Мончодогу ыплас иш. Тили кыргыздыкына окшош, бирок башка улуттагылар

Коомчулукту дүрбөлөңгө салган мончодогу жаш өспүрүмдүн зордукталган видеосу тууралуу ар кандай маалыматтар чыгууда. Бул тууралуу ИИМ да расмий маалымат таратты. Окуя Кыргызстанда эмес, башка мамлекетте болгондугу айтылууда.
Редакция видеонун толук версиясын өздүк булактардан алдык. Бул видеодо тили кыргыздардыкына окшош, бирок таза кыргыз эмес экенин алардын сүйлөшкөн сөздөрүнөн билсе болот.
Социалдык желелерде бул окуя Алтайда болгон десе, айрымдар Казакстанда болгон деген божомолдор айтылууда.
Эскерте кетсек, ИИМ да бул тууралуу терең иликтөө жүрүп жатканын жана окуя Кыргызстанда эмес, башка мамлекетте болгон деген божомол бар экенин билдирди. Кайсыл мамлекетте болгону тууралуу расмий маалымат бериле тургандыгын жарыялашты.