Коом

Быйыл чек аранын 150 чакырымына зым тартууну пландап жатабыз – Ташиев

Быйыл чек аранын 150 чакырымына зым тартууну пландап жатабыз. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Баткен эли менен жолугушууда билдирди.

Анын айтымында, чек ара кызматы күчтөндүрүлүп, мамлекеттик саясат жүргүзүлөт.

«Жылына чек аранын 15 чакырымы гана демаркация болуп турган. Быйылкы жылга карата чек аранын 150 чакырымына зым тартууну пландап жатабыз. Бул 10 эсе көп. Мындай эч бир жылы болгон эмес», — дейт ал.

Ташиев чек араны бекемдөө жумушунун көпчүлүгү Баткен облусунда жүргүзүлөрүн белгиледи.

Эскерте кетсек, Камчыбек Ташиев Германияда жүрөгүнө операция жасаткан. Бүгүн, 18-февралда ал Кыргызстанга келип, дароо Баткен облусуна учуп кеткен.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button