Коом
«Манас» абамайданында жардыруучу зат изделип жатат

“Манас” абамайданында кайрадан жардыруучу зат изделип жатат. Буга чейин август айында дагы абамайданында жардыруучу зат коюлганы тууралуу укук коргоо кызматтарына маалымат келип, издөө иштери жүргүзүлгөн. Бирок акырында маалымат жалган болуп чыккан.
Бул сапар жардыруучу зат тууралуу кабар укук коргоо органдарына бүгүн саат 17.00дө жеткен. Айтылган жерге тийиштүү кызмат өкүлдөрү барып, жарандар сыртка чыгарылды, аймак курчоого алынды. Каттамдарга каттоолор токтотулду, ал эми учактардын учушу жана конушу штаттык режимде жүргүзүлөт.



