Окуялар
Опузалап акча талап кылган. Бишкекте Октябрь РИИБинин эки ыкчам кызматкери кармалды (ФОТО)

Бишкекте Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын эки ыкчам кызматкери кармалды. Билдирүүнү Финполдун маалымат кызматы тастыктады.
Ага ылайык, колго түшүрүлгөндөр Бишкек шаарынын тургунунан кылмыш ишин токтотуу үчүн опузалап 100 миң сом талап кылган деп шектелүүдө.
Маалым болгондой, милиционерлер 2-мартта жабыркаган адамдан акчанын бир бөлүгүн, тагыраагы, 75 миң сомун алышкан.
Калган 25 миң сомду алып жаткан жеринен Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматы менен ИИМдин ички иликтөө кызматы кармаган.

Колго түшүрүү учурунда тартылган сүрөттөрдү укук коргоо органдарындагы ишенимдүү булактар беришти.



