Окуялар

Депутаттын пара талап кылып кармалган агасы айып пул менен кутулду

Бишкек шаардык сотунда пара талап кылгандыгы үчүн кармалган Мамлекеттик миграция кызматынын маалыматтык-консултациялык борборунун директору Бахтияр Төлөнөвдун иши боюнча отурум болду.

Соттун басма сөз кызматы билдиргендей, Бишкек шардык сотунун коллегиясы Биринчи май райондук сотунун чечимин өзгөртүүсүз калтырды.

Биринчи инстанцияда сот Төлөновду КРнын Жазык кодексинин «Пара талап кылуу» беренеси боюнча күнөөлүү деп таап, 260 миң сом айып салган.

Эскерте кетсек, Экономикалык кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы 2020-жылы 10-январда шаардагы кафелердин биринен Жогорку Кеңештин депутаты Данияр Төлөновдун агасы – Бахтияр Төлөновду пара талап кылгандыгы үчүн кармаган.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button