Окуялар

ВИДЕО: Көпүрөдөн кулап, өз жанын кыйган кыздын өлүмү иликтенүүдө


2021-жылдын 25-март күнү саат 17:45 чамасында, Кара-Суу районунун Төлөйкөн айыл аймагында орун алган дача участкасында белгисиз атуул бийиктиктен өзүн-өзү боюн таштап каза болгондугун Ош ШИИБдин Нөөмөт бөлүмүнө билдирген.

2021-жылдын 25-мартында Кыргыз Республикасынын Жазык Кодексинин 136-беренеси (Өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү) менен  Кара-Суу РИИБдин КЖБРне катталган.

Аталган сотко чейинки өндүрүш иш боюнча, Кара-Суу РИИБдин У.Алиев атындагы Нариман АМБнүн ыкчам тергөө тобу тарабынан окуя болгон жерге барган учурда төмөндөгүлөр аныкталды: 2021-жылдын 25-март күнү болжол менен саат 17:00 чамасында, Россия Федерациясынын жарааны 26 жаштагы  З. Т. Э., Төлөйкөн айыл аймагында орун алган Дача участкасында жайгашкан көпүрөдө белгисиз жагдайда бийиктиктен түшүп кетип, Т.З окуя болгон жерде каза болгондугу аныкталган.

Ыкчам тергөө тобу тарабынан окуя болгон жерге кароо жүргүзүлүп, тийиштүү экспертизалар дайындалып, окуяны ар тараптуу териштирүү боюнча РИИБнүн Тергөө кызматы тарабынан тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Маркум Т.З жөнүндө маалымат: Россия Федерациясынын жарааны, улуту кыргыз, 2020-жылдын май айында Ош шаарында жайгашкан Ош Мамлекеттик Университетинин медицина факультетинин 6-курсун аяктап, 2020-жылдын октябрь айларында Россия Федерациясынын Тюмень облусунда жашаган ата-энесине кетип, 2021-жылдын 24-март күнү саат 04:30 минутада Москва шаарына келген, жогорку билимдүү, бойдок.

Ош ОИИБдин басма сөз кызматы

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button