“Санарип айдоочулук күбөлүктү ГАИшниктер кабыл албай жатат. Ал эмне экенин билбейм дейт, мындай учурда эмне кылыш керек?”

Мындай суроону депутат Дастан Бекешев санариптик өнүктүрүү министри Талантбек Имановго берди.
Иманов Кыргызстанда санариптик документтер өткөн жылдын 30-декабрынан тарта күчүнө киргендигин эскертти. Документтер бардык тиешелүү органдар менен макулдашылганын жана аны баары тааный тургандыгын кошумчалады.
Эске салсак, кыргызстандыктар кагаз түрүндөгү документтерге юридикалык жактан теңелген санариптик айдоочулук күбөлүк, паспорт жана автоунаа каражатынын катталганын ырастоочу күбөлүк алса болот. Ал үчүн электрондук кол тамга алып, телефонго «Түндүк» тиркемесин жүктөп, катталуу керек.
Санарип документтер “Түндүк” тиркемесинде болот. Аларды мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарына, кызмат адамдарына, юридикалык жана жеке тараптарга, ошондой эле жеке компанияларга көрсөтүүгө болот.



