ВИДЕО: Депутаттыкка талапкер Илим Карыпбеков шайлоо мыйзамдарын бузууда

Бишкек шаардык кеңешинин депутаттыгына талапкер Илим Карыпбеков шайлоо процесси учурунда кайрымдуулук иштерин жасап, шайлоо мыйзамдарын бузууда. Тийиштүү видео социалдык тармактарда чыгууда.
Карыпбеков өзүнүн видеоролигинде массалык маалымат каражаттарында, социалдык тармактарда дарысына жардам сурап чыгып жаткан кичинекей Аруузатка кыргызстандыктарды жардам берүүгө чакырууда. Талапкердин бул кылганы кызды өзүнүн шайлоо өнөктүгү үчүн пайдаланып жаткандай таасир калтырат.
Эмне үчүн депутаттыкка талапкер Илим Карыпбеков Борбордук шайлоо комиссиясынан эскертүү ала электиги түшүнүксүз, ошол эле учурда ЖК шайлоолорунда бир нече партиялар шайлоо учурунда кайрымдуулук иштери менен алектенишкендиги үчүн эскертүү алышкан.
Эске салсак, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Мыйзамдын талабына ылайык, талапкерлер, алардын жакын туугандары, анын ичинде жубайлары, талапкерлердин жана саясий партиялардын өкүлдөрү шайлоо дайындалган учурдан тартып жана добуш берүүнүн жыйынтыктары жарыяланганга чейин кайрымдуулук иштерин жүргүзүүгө укугу жок.
Белгилей кетсек, ЖМКлар аркылуу кичинекей кыздын ата-энелери Жылдыз жана Бакай Ташматовдор кызы Аруузаттын өмүрүн сактап калуу үчүн боорукер адамдардан дүйнөдөгү эң кымбат дары – золгенсманы сатып алууга жардам беришин суранышууда.
Баланы бир гана дары — дүйнөдөгү эң кымбат баалуу дары катары Гиннесстин рекорддор китебине кирген золгенсма айыктыра алат. Анын баасы 2 миллион 382 миң 200 доллар, сом менен айтканда 195 миллион турат.



