Афганистанда талибдер кош бойлуу аялды үй-бүлөсүнүн көзүнчө атып өлтүрүштү

Афганистандын Гор провинциясынын борбору Чагчаран шаарында талибдер жолдошу менен балдарынын көзүнчө полиция кызматкери Бану Негарды атып өлтүрүштү. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Бану Негардын сегиз айлык кош бойлуу болгон жана жергиликтүү абакта иштеген.
Күбөлөрдүн айтымында, куралчандар 4-сентябрь күнү маркумдун үйүн тинтишип, туугандарын байлап салышкан. Анын үй-бүлөсү кабарчыларга маркумдун сокку жеген денесин сүрөткө тартып жөнөтүшкөн.
Ал эми талибдер бул окуяга эч кандай тиешеси жок экенин билдиришкен. Уюмдун өкүлү Забиулла Мужахид бийлик бул окуядан кабардар экенин жана иликтөө жүргүзүп жатканын баса белгилеген. Анын пикири боюнча Негарды өлтүрүү жеке кастыктан улам жасалышы мүмкүн делет.
Буга чейин Газни провинциясында согушкерлер аялдарды жергиликтүү радиостанцияларга жумушка тартууга тыюу салган. Бириккен улуттар уюмунун укук коргоочуларынын айтымында, учурда ооган аялдарынын абалы өтө оор. Аларга мектепке барууга тыюу салышып, көчөдө сабап жана уурдап кетишет.
Эске салсак, 15-август күнү талибандар Ооганстандын борбору Кабул шаарын да басып алышып, өлкөгө толук көзөмөлдүктү орнотушканын жар салган. Экстремисттик уюмдун өлкөнү басып алышы массалык башаламандыктарды жаратып, жашоочулары мекенин таштап кетүүгө мажбур болушкан.
Маалымат үчүн: «Талибан» кыймылы — Кыргыз өлкөсүнүн аймагында террористтик жана экстремисттик уюм катары таанылган жана ишмердүүлүгүнө тыюу салынган.



