Окуялар
Өрнөктөгү жол кырсыкта каза болгондор Аида Касымалиеванын ата-энеси экени айтылды

Ысык-Көлдүн Өрнөгүндөгү жол кырсыгынан каза болгондор Кыргызстандын БУУдагы туруктуу өкүлү Аида Касымалиеванын ата-энеси экени айтылды .
Каргаша кечээ Өрнөк айылынын тушунда болгон. Анда Toyota Avensis менен Mercedes-Benz W210 унаалары сүзүшкөн.
Облустук милиция билдиргендей, чыгыштан батышты көздөй баратып кайрылып жаткан Toyota Avensis унаасын артынан келе жаткан Mercedes-Benz W210 сүзүп алган. Экинчи машинаны 20 жаштагы бишкектик жигит башкарып бараткан.
Каза болгон жубайлардын жанында 9 жаштагы небереси да болгон. Тилекке каршы, ал да көз жумган.



