Коом

Айзаданын ѳлүмү: Башкы прокуратура милиция кызматкерлерине карата кылмыш ишин козгоду

Айзада Канатбекованын ѳлүмүнѳ байланыштуу Бишкек шаарынын Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлерине карата кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 5-7 апрелинде 1994-жылы туулган Айзада Канатбекованын уурдалып, андан кийин ѳлтүрүлүшү боюнча факты Бишкек шаардык прокуратурасы тарабынан текшерилди.

Анын жыйынтыгы менен Биринчимай райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан ѳздѳрүнүн кызматтык милдеттерин так аткарышкандыктарына же болбосо аткарбагандыктырына толук, ар тараптуу жана объективдүү баа берүү максатында, аларга карата Бишкек шаардык прокуратурасы тарабынан Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестирине Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 321-беренесинин 2-бѳлүмү (шалаакылык) менен ѳндүрүш иши катталды.

Тергѳѳ ишин жүргүзүү Мамлекеттик Улуттук коопсуздук комитетинин Бишкек шаары боюнча башкармалыгына тапшырылды.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button