Аялды эркине каршы ала качып кетти деген жаран аялдын өмүрлүк жолдошу болуп чыкты

2021-жылдын 09-апрелинде саат 00:25 телефон аркылуу Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак а/а Кызыл-Байрак айылынан 02 KG 848 номерлуу автоунаада белгисиз эки бала бир аялды эркине каршы күч колдонуп машинасына салышып, белгисиз тарапка алып кетишкендигин Кара-Суу РИИБнун Нөөмөт бөлүмүнө маалымдалган.
Аталган маалымат 09.04.2021-жылы саат 00:49 да Кара-Суу РИИБдин Маалыматтардын электрондук журналына катталып, алгачкы текшерүү иштери башталган.
Текшерүүнүн жүрүшүндө, 2021-жылдын 9-апрелинде саат 00:20 чамасында, Ош шаарынын Салиева көчөсүнүн жашоочусу 31 жаш курактагы «Р. кызы М.» Ош шаарынын Манас-Ата кичи районунан такси кылып иштеген Кара-Суу районунун Мады айылынын тургуну 31 жаштагы «М.Н“ «Дайкатцу-Куоре” үлгүсүндөгү автоунаасы менен Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айыл аймагына караштуу Ишкаван айылына барганда, «Р. кызы М.» жолдошу 33 жаштагы «А. А.» өзүнүн “Митсубисси-Монтеро” үлгүсүндөгү автоунаасы менен артынан келип такси менен бара жаткан аялын токтотуп, көчөдө күч колдонуп өзүнүн автоунаасына салып кеткен. Текшерүү учурунда суралган «Р. кызы М.» окуяны «биздин өз-ара үй-бүлөлүк чыр-чатак», — деп түшүндүрүп, жолдошунун үстүнөн арыз жазуудан баш тарткан жана бул боюнча акт түзүлгөн.
Бул жагдай боюнча чогултулган материал 09.04.2021-жылы Кыргыз Республикасынын Жазык Кедексинин 266-беренесинин 1-бөлүмүнүн белгилери менен Кара-Суу РИИБдин КЖБРне катталып, тергөө иштери жүрүп жатат.
Ош ОИИБдин басма сөз кызматы


