Окуялар

Кар көчкүнүн алдында калган 14 жашар баланын сөөгү табылды

Бүгүн, 10-апрель күнү саат 09:20да Алай районунда кар көчкүнүн алдында калган баланын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 2-апрель күнү болжол менен саат 13:30да Ош облусунун Алай районундагы Терек айылында тоодон кар көчкү түшкөн. Ошол учурда 14 жаштагы бала мал карап жүрүп, дайынсыз жоголгон.

Бүгүн жеринде издөө иш-чаралары улантылып, КР ӨКМнин Алай районунун бөлүм башчысы, жергиликтүү тургундардан 20 адам, «Ош-Пирим-Транс» ЖЧКдан 1 экскаватор тартылган. Саат 09:20да баланын жансыз денеси кар көчкүнүн астынан табылып, туугандарына өткөрүлүп берилди.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button