1-июнга карата Бишкекте бир катар майрамдык иш- чаралар өткөрүлөт

Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата Бишкектин райондорунда бир катар майрамдык иш-чаралар өткөрүлөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Биринчи май району
1-июнда саат 15:00дө «Вефа» соода борборунда «Тумар FM» радиостанциясы менен биргеликте балдар үчүн майрамдык концерт уюштурулат.
Муну менен катар «Бишкек Парк» соода жана көңүл ачуу борборунда балдар үчүн майрамдык иш-чара өтөт. Анын алкагында билерик жана өрүм өрүү боюнча мастер-класстар, аквагрим, ошондой эле супербаатырлардын образындагы аниматорлор иш алып барат.
Саат 16:00дө Нариманов скверинде майрамдык иш-чара өтөт.
И. Панфилов атындагы паркта аниматорлор катышкан интерактивдүү зоналар, ар түрдүү багыттагы мастер-класстар, ошондой эле элдик чыгармачылык жана кол өнөрчүлүк жарманке-көргөзмөсү уюштурулат. Мындан тышкары, саат 09:00дөн 18:00гө чейин аттракциондорго жеңилдетилген тарифтер колдонулат:
- балдар билети (14 жашка чейин) – 80 сом;
- чоңдор билети (14 жаштан жогору) – 150 сом.
Свердлов району
1-июнда саат 14:00дөн тарта ГУМ жана Old Bishkek борборлорунда балдар үчүн кызыктуу көңүл ачуучу программалар уюштурулат.
«Дордой Плаза» соода борборунда саат 18:00дөн 21:00гө чейин 1-кабатта, ошондой эле борбордун ичиндеги «Мамалак» балдар оюн-зоок паркында саат 15:00дөн 16:00гө чейин музыкалык жана бий программалары, стол оюндары, аниматорлор, таттуулар жана аквагрим уюштурулат.
Ленин району
31-майда саат 18:00дөн 22:00гө чейин «Азия Молл» соода борборунда Amirchik катышкан майрамдык концерт, DJ-сеттер, интерактивдүү жана көңүл ачуучу программалар, бийчилер, фотозоналар жана тематикалык аянтчалар уюштурулат.
1-июнда саат 12:00дө Фучик паркында концерттик программа, спорттук оюндар жана сынактар өтөт.
Саат 11:00дө «Ак-Ордо» конушунда балдар үчүн спорттук иш-чара, ал эми саат 12:00дө «Ала-Тоо» конушунда майрамдык программа уюштурулат.
Саат 12:00дөн 20:00гө чейин «Ала-Арча» соода борборунда үй-бүлөлүк жарманке жана балдар үчүн шоу-программа өткөрүлөт.
Саат 12:00дөн 22:00гө чейин «Евразия» паркында театралдаштырылган көрсөтүүлөр, музыкалык жана чыгармачыл топтордун концерттери, аквазона, балдардын сүрөт көргөзмөсү жана башка көңүл ачуучу иш-чаралар болот.
Октябрь району
1-июнда «Таш-Рабат» соода борборунда балдар үчүн шоу өтөт, ал эми Sky Park Baytik үй-бүлөлүк оюн-зоок паркынын экинчи бөлүгүнүн салтанаттуу ачылышы болот. Иш-чарага Октябрь райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгында каттоосунда турган балдар катышат.
Саат 12:00дөн 18:00гө чейин Д. Асанов атындагы Жеңиш паркында Color Fest фестивалы өтөт. Фестивалда балдар үчүн көңүл ачуучу шоу-программа, интерактивдүү оюндар ошондой эле Бегиштин катышуусундагы кичи-концерт болот.
Ошондой эле «Ынтымак-2» сейил багында саат 14:00дөн 16:30га чейин «Баарыбыз бирге» фестивалы өтөт. Иш-чаранын программасына артисттер менен оюндар, бий флешмобдору, кызыктуу сынактар жана көңүл ачуучу программалар ошондой эле сүрөтчүлөрдүн жана чыгармачыл топтордун өнөрлөрү көрсөтүлөт.
Ал эми саат 17:00дөн 20:00гө чейин «Ынтымак-2» сейил багында D Billions музыкалык тобу жана «Ак Шоола» балдар хорунун катышуусунда майрамдык иш-чара өтөт.
Программада балдар үчүн интерактивдүү мастер-класстар, кызыктуу шоулар жана анимациялар, сынактар жана бийлер камтылган.



