Окуялар
Жайыл районунда жашы жетелек кызды ала качкандар кармалды (ФОТО)

Жайыл районунда никеге туруу максатында жашы жете элек кызды уурдап кеткен үч шектүү кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Жайыл РИИБге Кара-Дөбө айылынын жергиликтүү тургуну кайрылып, 2003-жылы туулган жашы жете элек кызын никеге туруу максатында уурдап кеткендиги тууралуу билдирген. Бул факт КР Кылмыш-жаза кодексинин 175-беренеси «Адамды никеге туруу максатында уурдоо» боюнча ЕРППга катталган.
Бул кылмышты жасоого шектелип, 1999-жылы туулган С.А жана С.М, ошондой эле 1998-жылы туулган Ш.Б кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
17 жаштагы Т.Г., ата-энесине кайтып келген.
Сотко чейинки процесстер улантылат.


