Коом

Бишкекте Волков көчөсүн оңдоо иштери башталды

Борбор каалада «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасы Волков көчөсүн Садыгалиев көчөсүнөн Кустанай  көчөсүнө чейин капиталдык оңдоо иштерин баштады.

Маалыматка караганда, учурда эски асфальт алынып, жерди казуу иштери жүрүп жатат.

Оңдоп-түзөө иштеринин бардык этаптары аяктагандан кийин бул тилкеде жол толугу менен жаңыланып, жаңы тротуар  жана сууну агызуучу ирригациялык система курулат.

Тектеш кабарлар

Back to top button