Илим Карыпбеков шайлоо таза өткөн жок деп башка партияларды да күнөөлөгүсү келдиби?

Бугүн Бишкек аймактык комиссиясы НДПК партиясын шайлоодон четтеткени тууралуу маалымат таратты.
Кечээ бул партиянын шайлоо үгүттөрүндө жана шайлоо күнү акча таратып, добуш сатып алуу фактысы бар экенине байланыштуу чечим чыгарган экен.
Буга чейин интернет тармактарында бул партиянын штабында шайлоочуларга кантип акча таратып жатканы тууралуу бир нече видеолор тараган эле. Андан тышкары машинанын ичинен да акча таратып жаткан фактылар ачыкталган.
Негизи эле НДПК партиясы шайлоого жаңыдан аттанып, үгүт иштери башталганда эле Илим Карыпбековдун “мырктарды кантип добуш бердирсе боло турганын” айткан видеосу тарап, коомчулукта тескери пикир жараткан эле.
Шайлоо жыйынтыкталганда эле Илим Карыпбеков бул шайлоо таза өткөн жок деп маалымат таратып, айрым ММКларга маек да берип жиберген.
Балким Илим Карыпбековдун партиясы ушундай таза эмес жол менен шайлоого келсе, башкалар да ошондой эле жол менен келди деп ойлосо керек.
Шайлоо күнү бул партия элге добуш сатып, акча таратып, үгүт иштеринин жол жобосун бузганы тууралуу видеолорду Илим мырза өзү деле көргөн.
Буга чейин Илим Карыпбеков коомчулукта болуп жаткан ар кандай окуяларга жеке пикирин айтып келет. Бирок, өзүнүн партиясы тууралуу ар кандай тескери пикирлер, маалыматтар байма-бай чыгып жатканын көрсө да көрмөксөнгө салганы, өзүнүн партиясындагы мыйзамды одоно бузган фактылары көрүнүп турса да унчукпай, жалпылап, шайлоонун таза өтпөгөнүн айтканы эмнени каңкуулайт? Же атаандаш партияларын да акчага добуш сатып алды деп күнөөлөгүсү келип турабы?



