Окуялар

Ата-энеси менен урушуп кетип, дайынсыз болуп жаткан 21 жаштагы бала табылды

Бишкекте дайынсыз болуп жаткан 2000-жылы туулган Каныбек уулу Байсалбек табылды. Бул тууралуу Чүй облустук ИИББдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, мындан мурда Сокулук районунда Каныбек уулу Байсалбек 2021-жылдын 11-апрелинде Сокулук районунун Студенческое айылында жайгашкан үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп, изделип жатканы тууралуу маалымат тараган.

Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Байсалбек Дордой базары районундагы досунун үйүнөн табылган.

Алдын ала маалымат боюнча, ал ата-энеси менен урушуп, үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып барбай, досунун үйүндө жүргөн.

Учурда кызматкерлер тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөндөн кийин Каныбек уулу Байсалбек туугандарына өткөрүлүп берилди.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button