Коом

Бишкектин айрым жерлеринде үч күн бою газ жок болот

«Газпром Кыргызстан» компаниясы Алтын-Ордо конушуна газ киргизип жаткандыктан Бишкектин кээ бир жерлеринде көгүлтүр от үч күн бою жок болот. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Ага ылайык, 19-21-апрель аралыгында Путепроводная, Виноградная, Ауэзов көчөлөрүндө жана Туңгуч кичи районунда газ берүү үзгүлтүккө учурайт.

Мындан тышкары, REEMSTMA, «Алтын-Ажыдаар», «Курулуш комбинатынын материалдары», «Пекарня», «Жанар» ишканаларына дагы газ берилбейт.

«Коопсуздук техникасынын эрежелери боюнча, жаңы конушту газга туташтырууда Валиханов жана Анкара көчөлөрүндөгү орточо басымдагы газ түтүктөрүн дагы өчүрүүгө туура келет», — деп айтылат маалыматта.

«Газпром Кыргызстан» компаниясы жарандарды жаралган ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле жасоого чакырды.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button