Маданият

Жаш манасчылардын республикалык сынагы өтөт

Кыргызстанда манасчылардын республикалык сынагы өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Аталган сынак акын жана манасчы Тоголок Молдонун 160 жылдыгына карата өтүп, 30 жашка чейинки манасчылар катыша алат.

Биринчи туру 20-июлда болуп, анда район, шаарлардан, маданий борборлордон катышуучулар тандалып алынат. II жана III этаптары 5-августта өтмөкчү. Бул баскычта манасчылар “Манас” жана “Семетей” бөлүмдөрүнөн эки билетти тандап алат.

Финалга калыстар тарабынан тандалган алты манасчы 20-30 мүнөттүн ичинде “Манас”, “Семетей”, “Сейтек” бөлүмдөрүнөн каалаган окуясын айтып берет.

Сынактан жеңүүчүлөрү диплом жана акчалай сыйлык менен сыйланат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button