Кара-Суу районунда 32 жаштагы аял өзүн-өзү асып, каза тапты

2021-жылдын 22-апрель күнү саат 13:10 чамасында, Кара-Суу РИИБдин нөөмөт бөлүгүнө Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак а/а Ишкаван айылында белгисиз аял өзүн-өзү асып каза болгондугу боюнча маалымат келип түшкөн.
Аталган маалымат 2021-жылдын 22-апрелинде Кара-Суу РИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталып, окуя болгон жерге Кара-Суу РИИБдин жетекчилиги жана ыкчам-тергөө тобу чыгып төмөндөгүлөрдү аныкташкан.
2021-жылдын 22-апрель күнү саат 12:30 чамасында,Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак а/а Ишкаван айылынын тургуну, 32-жаштагы С.К нын үйүнүн жанындагы автоунаа токтотуучу гараждын ичиндеги темир торсунга белгисиз себептерден улам жоолук менен өзүн-өзү асып каза болгондугу аныкталган.
Аталган окуя боюнча каза болгон К.Снын жолдошу 33-жаштагы Ж.К жана жакын туугандары эч кимге арыз-доосу жок экендигин билдиришип, соттук-медициналык экспертизадан өткөрүүдөн баш тартышкан.
Маркум К.С 32-жашта Кара-Суу районунда туулган, үй-бүлөлүу, үч уул, бир кыздын апасы убактылуу эч жерде иштеген эмес.
Ош ОИИБдин басма сөз кызматы


