Окуялар

Кыргыз-кытай чек арасында жер титирөө катталды

Бүгүн, 7-майга караган түнү саат 01:45те Кыргызстан менен Кытайдын чек арасында жер титирөө катталды. Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматы боюнча, анын очогундагы күчү 3 баллга жеткен.

Жер титирөөнүн очогу Эркеч-Тамдан түштүк-чыгышка 5 чакырымда, Нура айылынан түндүк-чыгышка 7 чакырымда, Икизяк айылынан түштүк-чыгышка 13 чакырымда, Ош шаарынан түштүк-чыгышка 138 чакырымда жайгашты.

Жер титирөөнүн күчү Эркеч-Там айылында 3 баллга, Икизяк жана Нура айылдарында 2,5 баллга сезилди.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button