Жогорку кеңеш Акционердик коомдорду сырттан мамлекеттик башкаруу укугун кимге бергени жатат?

6-майда Жогорку Кеңештин депутаттары “Корпоративдик башкаруу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” (“Акционердик коомдор жөнүндө” мыйзамга, КР Кылмыш-жаза кодексине) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун үч окууда кабыл алышты.
Атап айтканда, мыйзам долбоорунда каралган өзгөртүүлөр концессиялык келишимдин негизинде жер казынасын пайдалануу укугун жүзөгө ашырган акционердик коомдорго тиешелүү.
Белгилей кетсек, «Кыргыз Республикасындагы концессиялар жана концессиялык ишканалар жөнүндө» мыйзам долбоору 1992-жылы кабыл алынган. Ушул Мыйзамдын 22-беренесинде, эгерде мындай ишмердүүлүк калктын өмүрүнө, ден-соолугуна же айлана-чөйрөгө чындап коркунуч келтирсе жана концессионер коркунучтарды жоюу боюнча зарыл чараларды көрүүгө байланыштуу талаптарды аткарбаса, концессиялык ишканаларга тышкы мамлекеттик башкарууну киргизүү каралган. Кыргызстанда иштеп жаткан концессиялык ишканалар бул нормаларды жакшы билишет.
Азыркы учурдагы түзөтүүлөрдө ушундай кырдаалдар келип чыккан учурларда мамлекеттик тышкы башкаруу ким тарабынан киргизиле тургандыгын тактайт. Башкача айтканда, депутаттар мыйзамдагы боштукту толтургулары келет.
Сунуш кылынган түзөтүүлөргө ылайык, мындай укукка Кыргызстандын министрлер кабинетинин башчысы ээ болот. Эгерде тышкы башкарууну киргизүү керек экендиги далилденсе, анда ал башкаруучуну дайындоого укуктуу.
Белгилей кетсек, мамлекеттик тышкы башкаруу убактылуу киргизилерин жана аныкталган мыйзам бузуулар четтетилгенге чейин колдонулат.



