Окуялар
Милиция «Ош» базарынын аймагында адашкан кызды таап, үйүнө жеткирип берди

Милиция «Ош» базарынын аймагында адашып кеткен кызды таап, үйүнө жеткирип берди.
Милициянын кайгуул кызматынан кабарлашкандай, күн мурун, 11-майда болжол менен саат 11:40тар чамасында Бишкек шаардык милициясынын «102» кызматына «Ош» базарында кичинекей кыз жоголду деген маалымат келип түшкөн.
Айтылган дарекке келген кайгуул кызматкерлерине 1997-жылы туулган К.А. аттуу кыз жардам сурап кайрылган. Ал 10 жаштагы сиңдиси менен базарга келип, жоготуп алгандыгын айткан.
Чакыруу менен келген милициянын кайгуул кызматкерлери ыкчам-издөө иштерин жүргүзүп, аз убакыттын ичинде кичинекей кызды таап, эжесине жеткирип беришкен.
Сиңдисинин табылганын сүйүнгөн эжеси милициянын кайгуул кызматынын ыкчам аракетине рахматын айтып, ыраазычылыгын билдирген.



