КоомОкуялар

Ош базарынын айланасындагы башаламан соодага каршы рейд жүрдү

Бишкек шаарынын муниципалитети, райондук администрациялар ири базарлардын жанында мыйзамсыз соода менен күрөшүүнү улантууда.

Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, Ленин акимиатынын мобилдик тобу күн сайын райондун аймагын, айрыкча Ош базарынын айланасын текшерип турат.

Ленин акимиаты, ички иштер башкармалыгы, Бишкек шаарынын кайгуул милиция башкармалыгы, МАБдын кызматкерлери “Ош” базарынын аймагында жана Киев, Бейшеналиева, Кулиев, Токтогул көчөлөрүндө башаламан соода-сатыкты жоюу боюнча текшерүү жүргүзүштү.

Рейддин жүрүшүндө 65тен ашык жеңилдетилген типтеги күркөлөр алынды.

Бул багыттагы иштер улантылат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button