Коом

Кыргыз желеги жана калпак эң бийик чокуда. Эверестти багындырган Эдуарддын кайрылуусу

Эвересттин чокусун багындырган кыргызстандык Эдуард Кубатов Facebook баракчасына сүрөт жүктөп, жалпы кыргыз элине кайрылуу жолдогон.

Анын айтуусуна караганда, 23-май, саат 8:35де Эвересттин чокусуна чыгышкан.

«Биздин желегибиз жана ак калпак биринчи жолу дүйнөдөгү эң бийик Эверест чокусунда. Жеңишимди кыргыз элине арнайм. Эркиндигибизди жана касиеттүү жерибизди сактап калалы», — деген ал.

Белгилей кетсек, Кубатов жер шаарынын эң бийик чокусун багындырган алгачкы кыргызстандык болду. Аталган чокуга эң биринчи жолу 1997-жылы Дмитрий Греков чыккан. Кубатов чокуга чыгууну 12-апрелде Непал тараптан баштаган.

Экспедициянын курамында Израиль, Кыргызстан, Малайзия, Россия жана Өзбекстандык альпинисттер болгон.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button