Коом
Мамлекеттик мүлктү менчиктештирүүдөн бир жылда бюджетке 1 млрд сомдой каражат түшөт
Мамлекеттик мүлктү менчиктештирүүдөн 2021-жылы эле бюджетке 1 млрд сомдон ашык каражат түшүшү мүмкүн. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлк фондунун төрагасы Мирлан Бакиров маалымат жыйын учурунда билдирди.
Бакиров менчиктештирүү процедурасы жүрсө, анда бюджетке 1 млрд сомдон ашык каражат түшүшү мүмкүн экендигин айтат.
Буга чейин Мирлан Бакиров учурда менчиктештирүүгө каралып жаткан 20 мамлекеттик объект бар экендигин айтат.



