Индияда коронавирус кайрадан күч алды. Акыркы суткада 6148 адам каза тапты

Индияда акыркы суткада коронавирус илдетинен өлүмдүн рекорддук көрсөткүчү катталды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, аталган өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча акыркы суткада COVID-19 илдетинен 6 миң 148 адам каза болгон.

Айта кетсек, Джон Хопкинс университетинин маалыматына караганда, Индия өлкөсүндө пандемия башталгандан бери 29 миллион 89 миң 69 адамдан илдет аныкталса, тилекке каршы, 353 миң 528 адам каза болду.