Президент Жапаров Түркияда жашаган мекендештер менен жолугушту. Фото

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 10-июнда, Анкара шаарында Түркия Республикасынын ар кайсы шаарларында жашаган мекендештер менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан маалымдашты.

Мамлекет башчысы Кыргызстандан келип, Түркияда жашап жана иштеп жаткан мекендештер менен жолугушуп, алардын жашоо-турмушунан кабар алып жатканына кубанычта экендигин белгиледи.

«Бул залга Кыргызстандын өнүгүүсүнө жана мекендештерибиздин тагдырына кайдыгер карабагандар чогулду деп ойлойм. Мен сиздер менен ачык-айкын сүйлөшкүм келет, мен билбеген маалымат менен бөлүшсөңүздөр. Мени ар бир мигрант-мекендештин тагдыры тынчсыздандырат, биз алардын көйгөйлөрүн чечишибиз керек», — деди Садыр Жапаров.

Ошону менен бирге президент Түркияга болгон расмий иш сапары кандай өтүп жатканы тууралуу, тактап айтканда, президент Режеп Тайып Эрдоган жана Улуу Улуттук Жыйындын төрагасы Мустафа Шентоп менен болгон жолугушуулар, ошондой эле жетишилген келишимдер жөнүндө айтып берди.

Мындан тышкары, жолугушууда Мамлекет башчысы Кыргызстанды өнүктүрүүгө багытталган айрым реформалар жана кайра курумдар тууралуу да кеп кылды.

Ал республикада мамлекеттик башкаруу системасын реформалоо башталганын, референдумда Конституциянын жаңы редакциясы көпчүлүк добуш менен кабыл алынганын жана «Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө» мыйзамга кол коюлгандыгын белгиледи.

«Жаңы Конституция элибиздин кызыкчылыгына ийгиликтүү кызмат кылат жана Кыргызстандын мындан аркы натыйжалуу өнүгүүсүнө өбөлгө болот деп ишенем. Биз „Кумтөр“ кениндеги экологиялык көйгөйлөрдү да көтөрүп чыгуудан корккон жокпуз. Ошондой эле чет жерде жүргөн мигрант-жарандарыбыздын укуктары менен мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоону күчөтүү, алардын чет өлкөдө жүрүү шарттарын жеңилдетүү жана башка маселелер ар дайым менин жүрөгүмдө экендигин белгилеп кетким келет. Президенттик кызматка киришкен алгачкы күнү эле мен беш Жарлыкка кол койдум. Алардын бири — „Миграциялык кырдаалды жакшыртууга багытталган чараларды кабыл алуу жөнүндө“ Жарлык, кийинкиси — ” Чет өлкөлөрдө каза болгон КР жарандарынын сөөктөрүн Кыргыз Республикасына репатриациялоо тартиби жөнүндө« Жарлык», — деди Садыр Жапаров.

Ал ошондой эле, Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү өкүлчүлүктөрүндө документтерди каттоо боюнча консулдук кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтери 80% га чейин төмөндөтүлгөндүгүн, Кыргызстанга кайтып келүү жөнүндө маалымкатты каттоо электрондук форматта жүргүзүлүп, дароо берилерин, ал эми буга чейин болсо аталган иш үчүн үч күндөн ашык убакыт талап кылынып келгендигин белгиледи.

Мындан тышкары, чет өлкөлөрдөгү жарандар Кыргызстандын мамлекеттик органдарынан социалдык-укуктук мүнөздөгү документтерди электрондук форматта алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.

Анын айтымында, Кыргызстандын Анталияда башкы консулдугун ачуу боюнча иштер жүрүп жатат. Кыргызстандын жарандары көп жашаган райондордо дипломатиялык жана консулдук өкүлчүлүктөрдү кеңейтүү боюнча иштер улантылат.

«Мекен карт» демилгеси боюнча айткан мамлекет башчысы Кыргызстанда жаңы өндүрүштөрдү өнүктүрүү, инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу, Кыргызстанга кайтып келген эмгек мигранттарын легалдаштыруу жана жумушчу орундарды түзүү максатында атайын салык режими киргизилгенин, ошондой эле, эмгек мигранттарына дем берүүнүн механизмдери иштелип чыкканын, улуттук экономикага инвестиция салуу үчүн шарттар түзүлгөнүн баса белгиледи.

Чет мамлекеттин жарандыгын алган мекендештердин укуктук макамын жөнгө салууга, алардын кайтып келүүсүнө, жашоосуна, билим алуусуна жана медициналык тейлөөсүнө шарт түзүүгө, ошондой эле Кыргызстандын жарандыгын кайрадан алуу жол-жобосун жөнөкөйлөтүүгө өзгөчө көңүл бурулат.

Ошондой эле президент Садыр Жапаров Мамлекеттик миграция кызматынын тышкы миграция чөйрөсүндөгү функциялары Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигине өткөрүлүп берилгендигин, бул эмгек мигранттарынын бир катар маселелерин ыкчам чечүүгө жардам берерин баса белгиледи.