Марипов Казань Федералдык университетинин ректору Гафуров менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Казань Федералдык университетинин ректору (Татарстан Республикасы, Россия Федерациясы) Ильшат Гафуров менен жолугушту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Жолугушууда Кыргыз Республикасы жана Татарстан Республикасы ортосундагы билим берүү жана илим жаатындагы эки тараптуу кызматташтык маселеси талкууланды.

Тараптар Кыргыз Республикасынын аймагында Казань Федералдык университетинин филиалын ачуу мүмкүнчүлүгүн талкуулап, аталган маселенин ишке ашырылышына кызыкдарлыгын билдирди.

«Билим берүү жана илим жаатындагы кыргыз-татар кызматташтыгын өнүктүрүү үчүн бардык өбөлгөлөр бар. Республикабыздын билим берүү секторуна Татарстан Республикасынын гана эмес, жалпы Россия Федерациясынын алдыңкы билим берүү мекемелеринин биринин келиши жергиликтүү жогорку билим берүү тутумунун өнүгүүсүнө оңдуу түрткүсүн берет деп ишенем. Биз Россия Федерациясы, анын ичинде Татарстан Республикасы менен билим берүү жана илим жаатындагы узак мөөнөттүү, ырааттуу жана жемиштүү кызматташууну жогору баалайбыз», – деди Улукбек Марипов.

Тараптар билим берүүнүн акыркы технологияларын жайылтуу, Кыргыз Республикасынын тиешелүү жогорку окуу жайлары менен Казань Федералдык Университетинин ортосунда адистерди даярдоо сапатын аныктоочу жаңы стандарттарды калыптандыруу жана ишке киргизүү боюнча кызматташууну активдештирүүгө даяр экендигин билдирди.

Казань Федералдык университетинин ректору Ильшат Гафуров университеттин филиалынын ачылышын пландаштыруу билим берүү жана илим жаатындагы кыргыз-татар кызматташтыгын бекемдөөгө жана чыңдоого өбөлгө түзөт деген ишенимин билдирди.

Анын айтымында, учурда билим берүү мекемеси 87 адистик боюнча кадрларды даярдоодо. Ал кошумчалагандай, университет өлкөнүн ЖОЖдору менен «2+2» жана «3+1» биргелешкен билим берүү программаларын иштеп чыгуу боюнча активдүү ишти баштоого даяр.

Улукбек Марипов Билим берүү жана илим министрлигине Кыргызстан жана Татарстандын ЖОЖдору ортосунда кызматташуу боюнча Жол картасын даярдоону тапшырды.

Маалымдама:
Россия Федерациясынын Өкмөтү жыл сайын Кыргыз Республикасынын жарандары Россия Федерациясынын жогорку окуу жайларында билим алуусу үчүн квота бөлүп берет.

Учурда Россиянын ЖОЖдорунда 15 миң 557 Кыргыз Республикасынын жараны билим алууда, алардын 6567си – бюджеттик негизде.

Казань Федералдык университетинде 2020/21-окуу жылында биздин өлкөнүн 91 жараны билим алууда.