Окуялар
Ат-Башыда эки күн мурун дайынсыз жоголгон аялдын сөөгү табылды
Нарын облусунун Ат-Башы районунда 15-июнда 38 жаштагы аял киши үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз жоголгон.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, 16-июнда милиция кызматкерлери издөө иштерине көмөк көрсөтүү үчүн Ат-Башы райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жардам сурап кайрылышкан.
Издөө иштеринин натыйжасында милиция кызматкерлери тарабынан маркумдун сөөгү табылган.