Бир жылдан бери дайынсыз. Бишкекте 21 жаштагы Калия Калеева изделип жатат

Бишкек шаардык Ленин райондук милиция кызматкерлери тарабынан Калеева Калия Замирбековнанын жүргөн жерин аныктоо боюнча издөө иш-чаралары жүрүгүлүп жатат. Бул тууралуу райондук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2020-жылы 14-октябрда борбор шаардын жашоочусу К.Ч. арызы менен кайрылып, анын кызы 2000-жылы туулган Калеева Калияны издөөгө жардам берүүнү өтүнгөн. Ал 2020-жылы 19-сентябрда “Ала-Тоо” конушундагы үчүнөн чыгып кеткен бойдон кайрылып келген эмес.

Азыркы учурда жоголгон кыздын жүргөн жери белгисиз.

Аталган факт Бишкек шаардык Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Белгилери: бою болжол менен 173-175 см, чачы кара, көзү күрөң, мурду түз.

Кийими: Мезгилге ылайык кийинген.

“Урматтуу жарандар! Эгер сиздер жоголгон кыз тууралуу кандайдыр бир маалымат билсеңидер төмөнкү номерлер аркылуу кабарлап коюушуңуздарды суранабыз: 0 (312) 352-605, 0 (312) 444- 457, 0(312) 352-632, 0(553) 102-465, 0(703) 401-600,0 (705) 450-553, 0(553) 102-880 7) и 102”, – деп айтылат маалыматта.