Ат-Башыда келинин өлтүргөн кайнага өзү да асынып алган

2021-жылдын 16-июнь күнү саат 06:30 чамасында Ат-Башы РИИБнин нөөмөт бөлүмүнө Ат-Башы районунун тургуну 1958-жылы туулган И.Ы. аттуу жаран Ат-Башы айылынын түштүк тарабындагы “Дамбы” участкасындагы токойдун жээгинде  “Женя” аттуу адам бакка муунуп каза болуп калыптыр деп билдирген.

Аталган билдирүү Ат-Башы РИИБнин каттоосуна алынып, окуя болгон жерге ыкчам-тергөө барган учурда Ат-Башы районунун  тургуну 1971-жылы туулган Е. К. эркек адамдын жансыз денеси мойнунан жип менен асылып турган абалында табылган.

Маркумдун сыртынан кароо жүргүзгөн учурда анын мойнунда жиптин издери жана оң колунун манжаларын ички беттери курч нерсе менен кесилген жаракаттары бар экендиги аныкталган.

Окуя болгон жерге, Е.К.нын бир тууган иниси 1972-жылы туулган А.К. чакыртылып келген учурда, ал кечеги күндөн тарта, т.а., 15-июндан баштап  болжол  менен саат 12:00нөн бери анын аялы 1983-жылы туулган К.Н.  дагы дайынсыз жок болуп жаткандыгын кошумчалап, аны таап берүүнү сурап, арыз жазып берген.

Ал эми, А.К.нын арызы Ат-Башы РИИБнин маалымат эсеп журналына   катталып, ага ылайык К.Нны  издеп табуу боюнча иш-чаралардын  жүргүзүлө баштаган. Окуя болгон жерден алыс эмес тактап айтканда батыш тарапты көздөй болжолдуу 500 м аралыктагы  жерден аял кишинин жансыз денеси табылган. Ал Ат-Башы районунун 1983-жылы туулган К.Н. экендиги такталган. Маркумдун сыртынан кароо жүргүзгөн учурда жансыз денесинде  күч колдонулган белгилери аныкталган.

Ат-Башы РИИБнин тергөө жана ыкчам иликтөө кызматтарынын алдын ала болжолдуу иликтөөлөрүнө ылайык,  К. Нны, анын бир тууган кайын агасы Е.К. таш менен чаап, учтуу курч нерсе менен сайып өлтүрүп, андан соң, ал өз жанын кыйган.

Сотко чейинки өндүрүш  боюнча тийиштүү экспертизалар дайындалып, күбөлөр сурак алынды.

Бул окуянын чоо-жайын  териштирүү иштери жүргүзүлүп жатат.

Нарын ОИИБнин Басма сөз кызматы