Спорт

Евро — 2020: Роналду башында турган команда Бельгияга утулуп калды

Футбол боюнча Европанын чемпионатынын 1/8 финалында Португалиянын курамасы Белгьгиянын командасы менен оюн өткөрдү.

Олимпийский стадионунда болгон беттеш 1:0 эсебинде Бельгиянын жеңиши менен аяктады.

Жалгыз голду Азар Торган оюндун 42-мүнөтүндө киргизип, өзүнүн командасын чейрек финалга алып чыкты.

Бельгиянын командасы чейрек финалда Италияга каршы беттешет. Ал эми Португалия аталган чемпионаттын кийинки туруна өтпөй калды.

Эскерте кетсек, 2016-жылкы Европанын чемпионатын Португалиянын курамасы жеңишке жеткен.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button