КР Жогорку Кеңешинин VI чакырылышынын жыйынтыктоочу жыйыны болду

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Кыргызстанда пандемияга байланыштуу оор кырдаалды эске алып, эмгек өргүүгө чыкпастан, Элибизге, өлкөбүзгө зарыл болгон жана колдонуудагы мыйзамдарды Конституцияга шайкеш келтирүү максатында жаңы мыйзамдарды кабыл алуубуз зарыл экенин белгилеп, кезексиз сессия чакыртууну сунушташкан. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депуттарынын сунуштарын эске алып, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 83-беренесине жана “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламент жөнүндөгү” Мыйзамдын 34-беренесине ылайык, 2021-жылдын 5-июлунан 30-июлуна чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин кезексиз сессияны чакыртууга тескеме кабыл алынды.
Кезексиз сессияда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенеши жыйындардын алкагында тиешелүү зарыл болгон мыйзам долбоорлору каралып, өлкөбүз үчүн маанилүү болгон маселелер талкууланат.



