Дүйнө
Казакстан кургакчылыкка байланыштуу өзгөчө абал киргизди
Кургакчылыкка байланыштуу коңшу Казакстандын Кызыл-Ордо облусунун Арал районуна өзгөчө абал киргизилди. Бул тууралуу аталган өлкөнүн жергиликтүү басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, өзгөчө абал 13-июлдан баштап күчүнө кирди. Кургакчылыктан улам мал тоютунун кескин тартыштыгы жаралган. Коңшу айылдарда чөп чабууда колдонула турган ыктыярдуу топтор түзүлүп, абалды күнү-түнү көзөмөлдөө уюштурулган.
Буга чейин жаан-чачындын аздыгынан жайыттардын 90 пайызы жараксыз болуп, миңдеген мал кырылган.