Окуялар

УКМК: террористтик актыны ишке ашырууга аракет кылган адам кармалды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) «Кыргызстанда террористтик актыны ишке ашыруу үчүн куралдуу чыр-чатактардын аймагынан келген Кыргызстандын жараны Маматазиз уулу Г. кармалды» деп билдирди.

Мекеменин маалыматы боюнча, ал Ооганстанда эл аралык террористтик уюмдардын биринин курамында согуштук аракеттерге катышып, террористтик даярдыктан өткөндүгү аныкталды.

Атайын кызмат өлкөдө террористтик уюмдардын мүчөлөрүн жана колдоочуларын аныктоо, аларга бөгөт коюу иш-чаралары улантылып жатканын билдирди.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button