Тажикстан талибдерден качкан Памир кыргыздарын Афганистанга кайтарды

Тажикстандын аймагына өткөн Кичи Памирдеги 345 этникалык кыргыз Афганистандагы туруктуу жашаган жерине кайтарылды. Бул тууралуу тажик ЖМКлары өлкөнүн Улуттук коопсуздук боюнча комитетине шилтеме берип жазды.

Маалыматка ылайык, Афганистандын өкмөтү этникалык кыргыздардын жеке коопсуздугуна кепилдик бергенден кийин 17-18-июль күндөрү артка кайтарылган. Алар Вахон уездинин Андемин аймагына төрт миң малы жана автоунаалары менен кайтышкан.

“БУУнун “Качкындардын статусу жөнүндө” конвенциясына ылайык, Мургаб районунун Чоштепп жана Дуйтук участогуна келген ооган качкындары Тажикстандын тиешелүү органдары тарабынан убактылуу жашай турган жер, тамак-аш, кийим-кече жана медициналык кызмат менен камсыз болушкан”, — деп билдирген коңшу өллкөнүн УКМКсы.
Буга чейин Афганистанда жашаган 345 этникалык кыргыз талибдерден качып Тажикстандын аймагына киргени маалым болгон.