Тажикстан президенти Рахмондун бир тууган карындашы каза болду

Тажикстан президенти Эмомали Рахмондун бир тууган карындашы Курбонби Рахмонова кайтыш болду. Бул туурасында Sputnik Тажикстан агенттиги кабарлады. 

64 жаштагы Курбонби Рахмонова курман айтта, тагыраагы 20-июлда көз жумган. Президенттин сайтында анын эмнеден каза болгондугун так жазылган эмес. Бирок ЖМКлар “такталбаган маалыматтарда коронавирустан көз жумган” деп кабар таратышты.

Тажик өкмөтү Рахмонго, маркумдун балдарына, жакындарына аза кайгысын бөлүшүп, көңүл айткан.