Коом

Коронавирус. Кыргызстанда кош бойлуу айымдар азырынча COVID-19га каршы эмделбейт

Кыргызстанда кош бойлуу жана бала эмизген айымдар азырынча COVID-19га каршы эмделбейт. Бул тууралуу «Кабар» агенттигине Республикалык иммуннопрофилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова билдирди.

Анын айтымында, мындан мурда Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) кош бойлуу аялдарды эмдөө боюнча сунуштама берген. «Бирок, биз азырынча кош бойлуу аялдарды эмдебей туруу чечимин кабыл алдык. Анткени биз вакцина менен кошо келген көрсөтмөлөрдү гана аткарабыз. Бүгүн анын котормосун алдык жана азырынча ушул стратегияны колдонуп, кош бойлуу жана эмизген аялдарга эмдөө жүргүзбөйбүз»,-деди ал.

Ошондой эле, иммунолог дүйнөдө жапырт эмдөөгө тынымсыз көзөмөл жүгүзүлүп келе жатканын белгиледи.

Ал Кыргызстанда Sinopharm» жана «Спутник V» вакциналарынын олуттуу терс таасирлери катталбаганын белгиледи. Бейтаптар жеңил баш оору, алсыздык жана жүрөк айлануу болуп жатканын билдиришүүдө.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button