Бишкектин жанындагы панорамада аял боюн таштаган. Милиция суицид деп болжолдоодо

Бишкектин жанындагы панорамада өтүп бара жаткандар аял кишинин сөөгүн табышкан, милиция ал жардан секирген деп эсептейт.

Чүй облустук милициясы агенттикке билдиргендей, 2021-жылы 20-июлда сат 06:56да 102 номери аркылуу Аламедин райондук милициясына панораманын аймагында бийиктиктен секириши мүмкүн болгон аял кишинин сөөгү табылгандыгы тууралуу билдирүү түшкөн.

Райондук милициянын тергөө-ыкчам тобу окуя болгон жерге барып, аялдын сөөгүн табышкан. Анын өздүгү такталып, бардык зарыл экспертизалар дайындалды.

Аталган факт Аламедин райондук ички иштер органдарынын кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Сотко чейинки өндүрүш уланууда.