Саясат
Жапаров: Убактымды куугунтукка эмес, кыргызды бириктирүүгө жумшашым керек!

Президент Садыр Жапаров бүгүн эртең менен Facebook баракчасына пост жазып, алдыдагы ниетин билдирди.
Ал «Мен убактымды куугунтукка эмес, өнүгүүгө жана бүткүл кыргыздарды бириктирүүгө, чогултууга жумшашым керек!» — деп жазган.
Президенттин жазган бул постуна аны кубаттаган комментарийлердин саны эки сааттын ичинде 300гө чукул болду. Ошол эле учурда ага сунуш айткандар да жазышты.

Жапаровдун жазган постун эки сааттын аралыгында 300дөй интернет колдонуучу бөлүшүп, алдына комментарий жазгандардын саны токтой элек.



