ИИМдин Ички аскерлеринин колбашчысы Кытай жана Түркиянын аскерлеринин өкүлдөрү менен жолугушту

2021- жылдын 6-августунда ИИМдин Ички аскерлеринин колбашчысы полковник И.Кенжекулов менен Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы Элчилигинин коргоо боюнча Атташеси улук полковник Джан Юн жана Түркия Республикасынын Кыргызстандагы Элчилигинин ички иштер боюнча кеңешчиси жандармериянын полковниги Угур Эвжим жолугушту. Бул тууралуу ИИМдин Ички аскерлеринин Басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушуунун алкагында тараптар аскердик-техникалык кызматташуу, аскердик кадрларды даярдоо боюнча тажрыйбалар менен бөлүшүү, аскер кызматкерлеринин квалификацияларын жогорулатуу боюнча жана ар бир тарапты кызыктырган башка маселелерди талкуулашты.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар перспективдүү кызматташууларын мындар ары дагы кеңейтүүгө даяр экендигин белгилеп өтүштү.
Жолугушуу жылуу достук абалда өттү.





