Нарын ОИИБи: Кочкор районунда профилактикалык түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө

Кочкор райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери милициянын көчмө кабылдамасы менен мектеп окуучуларынын жайкы каникул убагына байланыштуу атайын иш-чараларды уюштуруп, райондун аймагында жайгашкан эс алуучу жайлар, оюн зоок залдары текшерилүүдө. Бул тууралуу Нарын ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди.
Ошондой эле жашы жете элек өспүрүмдөр арасында сууга чөгүү кырсыктарынын алдын алуу жана болтурбоо максатында коркунуч жараткан суу жээктерине, агын сууларга, каналдарга милиция кызматкерлери тарабынан атайын эскертүү такталары буга чейин илинген, ал аймактарды текшерүүгө алынып, эс алуучуларга профилактикалык түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.
Мындан тышкары азыркы учурда жугуштуу оору күч алып жаткандыгына байланыштуу жарандарга кайрылуулар эскертүүлөр жүргүзүлүп жатат.
Жайкы каникул убагында ар бир ата-эне балдарына көзөмөлдү күчөтүү жана бош убактыларын туура пайдаланууга үндөп, кечкисин максатсыз көчөгө чыгарбоо жагы эскертилүүдө.





