Коронавирустан кийин чачты кантип калыбына келтирсе болот? Адистин кеңеши

Медицина илимдеринин кандидаты, Москва мамлекеттик университетине караштуу клиниканын эндокринологу Зухра Павлова коронавирус менен ооруп айыккандан кийин чачты мурдагы калыпка кантип келтирсе болорун айтып берди. Медиктин кеңеши РИА Новостиге жарыяланды.

Дарыгер бейтаптар коронавирус менен ооругандан кийин бир айдан соң чачы түшүп кайрылып жатканын белгилеген. Анын айтымында, COVID-19 учурунда организм катуу стресске кабылат. Буга кошумча зат алмашуу да бузулат.

“Айрымдардын чачы 3-4 айдан кийин түшө баштайт. Мындан эч кайда качып кутула албайсың”, — деди Павлова.

Дарыгердин ою боюнча, туура тамактануу менен кыймыл чачты кайра калыбына келтирүүгө жардам берет. Ал белокко бай азык, витаминдерди колдонуу керектигин айтып, көп басып, аэробика менен алектенүүнү сунуштаган.

“Чачтын түшүүсүн алдын алууну каалагандар чачты катуу байлабай, ага өтө ысык фен же үтүк колдонбой, учтарын боёбош керек”, — деген Павлова.

Эндокринолог чач эмне себептен түшүп жатканын билүү үчүн калкан безди көрсөтүп, трихологго кайрылууну да сунуштаган.

Жогоруда аталган кеңештер чачты коронавирустан кийин калыбына жарым жылдан кийин алып келүүгө жардам берери белгиленди.