Сокулукта жергиликтүү тургундар мас абалда бычакташа кетип, эки киши ооруканага түштү

Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Комсомол айылында жергиликтүү тургундар бычакташа кетип, эки киши ооруканага түштү. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты.

Милициянын маалыматына караганда, кечээ, 22-август күнү Сокулук райондук милициясынын нөөмөт бөлүмүнө аймактык ооруканадан бычактан жаракат алган эки киши тууралуу билдирүү келип түшкөн.

“Алынган маалыматтын негизинде дароо ыкчам-тергөө тобу жөнөтүлгөн. Милиция кызматкерлери келгенде, бычактан жаракат алган жарандардын аты-жөнү такталып, алар 1977-жылы туулган М.Э. жана 1976-жылы туулган Х.Э. аттуу жарандар болуп чыккан.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 39-130-беренесинде “адам өлтүрүүгө аракет кылуу” менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Издөө иш-чараларынын жүрүшүндө бул кылмышка шектүү катары 1989-жылы туулган Т.М. аттуу жаран кармалган.

Тергөөнүн алдын ала версиясы боюнча, бул кылмыштын жасалышына шектүүнүн жабырлануучулар менен болгон чыр-чатагы түрткү болгон. Комсомол айылында жайгашкан дүкөндөрдүн биринин жанында жабырлануучулардын ортосунда чыр чыгып, мас абалында шектүү бычак менен сайган. Азыр бардык керектүү экспертизалар дайындалды.

Шектүү Сокулук районунун ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери уланууда”, – деп билдиришти Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан.

Милициядан шектүү адамга карата бейбаштык фактысы боюнча материалдар 2019-жылы сот органдарына жөнөтүлгөнүн кошумчалашты.