Маданият

Ноокенде “МИСТЕLAND” мисте фестивалы өттү. ФОТО

Кыргызстанда алгачкы жолу эл аралык “МИСТЕLAND” мисте фестивалы өттү. Аталган иш-чара 28-август күнү, Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Кочкор-Ата шаарында белгиленди.

Уюштуруучулардын айтымында, аталган фечтивалдын максаты – Кыргызстанда өскөн мистени чет өлкөлөргө таанытуу болуп, иш-чарага Ага Жогорку Кеңештин депутаттары, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалад-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, район акими Нурлан Шаршеналиев, Токой чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Азамат Эркебаев, жеке ишкерлер жана илим чөйрөнүн адамдары, жергиликтүү тургундар катышты.

«“МИСТЕLAND” фестивалы Ноокен районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – акими Нурлан Шаршеналиевдин демилгеси менен уюштурулган. Фестивалда сахна жылдыздары өз өнөрлөрүн тартуулашты. Ошондой эле, аймакта өстүрүлгөн мистенин түрдүү сорттору жана башка айыл-чарба азыктарынын көргөзмө жарманкеси менен уланды. Мистеден тышкары жаңгак, өрүк-мейиз жана башка жашылча-жемиштер, айыл чарба азыктары, кол өнөрчүлүк буюмдары коюлду», – дейт уюштуруучулар.

Эске сала кетсек, Жалал-Абад облусунда 33 миң гектардан ашык мисте токой бар. Анын 11 миң гектары Ноокен районунун Кочкор-Ата токой чарбасына карайт.

Базар-Коргон жана Ноокен райондорунда мисте токойлорун жергиликтүү эл токой чарбалардан ижарага алып иштетет. Иш-чаранын соңунда мисте түшүмдүүлүгүн өнүктүрүү боюнча алты мамлекеттин өкүлдөрүнүн катышуусунда “Кыргызстандын экономикасындагы жана климаттык өзгөрүүсүндөгү мистенин мааниси жана ролу” деп аталган эл аралык бизнес-илимийпрактикалык форум болду

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button